Үстүбүздөгү жылдын теке айынын 1нен тарта Казакстандын
жаратылышты коргоо мекемелеринин кызматкерлеринин маянасына 100 пайыз үстөм акы
кошулат. Мамлекет башчысынын аталган тармакта эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча
тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында өлкө өкмөтү тиешелүү токтом кабыл алды.
Документте адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген иштер үчүн
кошумча акы белгилөө каралган. Эми табият сакчыларынын орточо айлыгы
ээлеген кызматына жана иш тажрыйбасына жараша 101 миңден 320 миңге чейин
көтөрүлөт. Бул чара биринчи кезекте кесипкөй кадрларды кармап турууга
жана жалпысынан иштин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Динара Алимова, Премьер-министрдин басма сөз катчысы:
Өзгөчө иштөө шарттары бар түзүмдөрдүн арасында жаныбарларды,
токойлорду коргоо, калыбына келтирүүчү уюмдар менен мамлекеттик токойду коргоо
жана башка адистештирилген уюмдар кирет. Жалпысынан бул тармакта
иштеген 13 миңге жакын кызматкерлердин эмгек акысы жогорулайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков