Казакстанда 2024-жылдын үчтүн айынын 1нен тарта ишканалар адамдын катышуусуз текшериле баштайт. Өлкөдө тобокелдиктерди башкаруунун автоматташтырылган системасы ишке киргизилет. Натыйжада ишкерлерди пландуу текшерүү 2 эсеге кыскарат. Жалпысынан алганда, Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун маалыматы боюнча, республика бизнестин жүгүн азайтуу багытында ийгиликке жетише алды. Бул тууралуу Улуттук экономика министри Сенаттагы өкмөттүк саатта билдирди. Алибек Куантыров белгилегендей, акыркы 5 жылда өлкөдө чакан жана орто бизнестин туруктуу өсүүсү байкалат. Ошол эле учурда, анын өлкөнүн экономикасына катышуусу 31%дан 36%га чейин өстү. Учурда Казакстанда 2 миллиондон ашык чакан жана орто бизнес субъектиси катталган. Алардын 90%га жакыны жигердүү бизнес. Өлкөдө ишкердик активдүүлүктүн өсүшүнө мамлекеттик колдоонун салымы чоң, дейт министр. Жаңы программа жардамды субсидияларга эмес, бизнеске кепилдик берүүгө, ошондой эле, чакан жана орто бизнести кеңейтүүгө багыттайт.
Алибек Куантыров,
Улуттук экономика министри:
- Үстүбүздөгү
жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча «субсидиялоо» каражаты негизинде жеңилдетилген
каржылоо чаралары менен 9 миң бизнес долбоор камтылып, алардын суммасы 669 миллиардды
түздү. Ал эми «кепилдик берүү» инструменти боюнча 270 миллиард тенге
суммасында 7 миң долбоор камтылды. Бүгүнкү күндө бизнес чөйрөсү менен
системалуу жана конструктивдүү диалог түзүлдү. Системалык маселелер
Премьер-министрдин жетекчилиги астында Ата-мекендик ишкерлер кеңешинин
жыйындарында, анын орун басарынын деңгээлинде жума сайын, ошондой эле, Өкмөт
мүчөлөрүнүн бизнес жана аймактык жолугушууларынын алкагында дайыма талкууланып
турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков