Алматыда онкологиялык ооруларды эрте аныктоодо AI колдонулууда

Алматыда онкологиялык ооруларды эрте аныктоодо AI колдонулууда

Казакстан медицинага Түштүк Корея, АКШ жана Бразилия менен катар алдыңкы санариптик чечимдерди киргизүүдө. Алматы онкологиялык борборунда илдеттерди эрте аныктоо үчүн AI технологиялары колдонулат. Ультра үн изилдөө аппараттарындагы система дарыгерлерге патологияны табууга жардам берип, «санариптик жардамчы» ролун аткарат. Программа реалдуу убакыт режиминде сүрөттү талдап, ткандардын тыгыздыгын, формасын жана жаңы пайда болгон нерселердин чектерин баалайт. Технологиянын негизинде миңдеген шишиктердин сүрөтүн камтыган, алардын мүнөздөмөлөрүнүн так сүрөттөлүшү бар масштабдуу маалымат базасы жатат. Эми боордун онкологиялык ооруларын диагностикалоо үчүн нейрон тармагын үйрөтүү пландалууда.

Илия Закирянов, Онкологиялык борбордун консультациялык-диагностикалык бөлүмүнүн Ультра үн диагностика дарыгери:

- Жасалма интеллект – бир көргөн нерсесин майда-чүйдөсүнө чейин эсинде сактап калат. Анын байкаганына мен көңүл бурбай калышым мүмкүн. Бир нерсени так көрө албасам: «Илья, көңүл буруңуз! Бул эмне?» деген сыяктуу көңүл бөлүүмдү суранат. Жасалма интеллект «Мына бул анык залалдуу шишик» деп айта албайт же болбосо, 100%, атүгүл 99% деп да баа бербейт, ал жөн гана бизге жардамчы, кошумча пикир айтат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков