Х жарандык форум Казакстанда өтөт

Х жарандык форум Казакстанда өтөт

Жетинин айынын 22-26-күндөрү Казакстанда 10-мааракелик жарандык форум өтөт. Бул Казакстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөдөгү негизги окуялардын бири болуп калат. Катышуучулар демократиялык жараяндарды өнүктүрүү, БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын Казакстанда ишке ашыруу маселелерин, ошондой эле, коомдун, мамлекеттин жана бизнестин негизги милдеттерин талкуулашат. Уюштуруучулардын айтымында, форумдун алкагында 30дан ашык талкуу аянтчалары жана панелдик сессиялар уюштурулат. Апта ичинде министрлер жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле, акимдер аймактардагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат. Мындан тышкары, форумдун алкагында «БӨУ сыйлыгы» жана «Тандоо» сыйлыгын тапшыруу аземи болот.

Бану Нургазиева, «Казакстандын Жарандык альянсынын» президенти:

- Программа абдан тыгыз. Ал тууралуу сайтка кеңири маалымат жарыяланган. Бүгүн биз ага старт берип жатабыз. Бул конференциядан кийин сайт үч тилде - казак, орус жана англис тилдеринде иштей баштайт. Мамлекет менен бейөкмөт сектордун өз ара аракеттенүүсү чөйрөсүндөгү эң ири иш-чаранын негизги максаты - Казакстандын жарандык коомуна болгон глобалдык көз карашын көрсөтүү. Биз жарандык коомду өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин эске алуу менен бүгүнкү күндүн тарыхын талдап, келечекке болжолдоону каалайбыз. X Жарандык форумдун маалыматтык программасы - бардык катышуучуларга системалуу маселелер жана мамлекеттик органдар менен БӨУдун биргелешкен кызматташуусунун чечимдери жөнүндө сүйлөшүүгө мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков