Бул үчүн билим берүү инфраструктурасын колдоо фондунан 106 миллиард теңге бөлүнөт. Жалпысынан мамлекет башчынын буйругу менен түзүлгөн фондго 121 миллиард теңгеден ашык каражат түшкөн. Аймактардын суроо-талаптары республикалык бюджеттик комиссия тарабынан каралып чыкты. Ошондой эле 85 миң орундуу 69 мектептин курулушу 94 миллиард теңгеге бекитилди. Мындан тышкары, жалпы баасы 12 миллиард теңгени түзгөн 3 жаңы билим берүү борборунун пайдубалын түптөө пландалууда. Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев өткөн жылы өз сөзүндө сапаттуу билим берүү системасын түзүү темасына токтолгон. Президент окуучулардын билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырды.
Динара Алимова, Премьер-министрдин басма сөз катчысы:
- Премьер-министр Алихан Смаилов коррупцияга каршы соттордун жыйынтыгында мамлекеттин менчигине түшкөн каражатты мектеп салууга өткөрүү механизми бекитилген өкмөттүн токтомуна кол койду. Мындай тапшырманы мамлекет башчы былтыр аяк оона айында Казакстан элине кайрылуусунда берген. Бул үчүн өлкөдө билим берүү инфраструктурасын колдоо фонду түзүлдү. Кошумча каражат авариялык абалдагы мектептерди, үч нөөмөт менен окутууну жана окуучулардын орун жетишсиздигин жоюуга жумшалат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков