Казакстандын президенти башкы прокурорду кабыл алды

Казакстандын президенти башкы прокурорду кабыл алды

Казакстандын экономикасына 8,3 трлн теңге салган 445 инвестор укуктук жардам алды. Бул тууралуу президентке башкы прокурор Берик Асылов билдирди. Ал эми «прокурордук чыпка» долбоорунун алкагында мамлекеттик органдардын инвесторлорго каршы 500 чечими бекитилген эмес. Бул тууралуу Президентке өлкөнүн башкы прокурору билдирди. Берик Асыловдун айтымында, көрүлгөн чаралар инвесторлордун мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишенимин арттырды. Касым-Жомарт Токаевге активдерди кайтаруу боюнча иштер тууралуу маалымат берилди. Быйыл прокуратура органдары чет өлкөдөн 205 миллион долларлык активдерди кайтарып берди. Ошондой эле акыркы 4 жылда 17 миллион гектар жер мамлекеттин менчигине өткөн.

Которгон: Назира Бегалиева