"ТЕМИРБЕК
ЖҮРГЕНОВ.125 ЖЫЛ" - Казакстандын маданият жана искусство ишмеринин
юбилейине арналган коллекциялык монета өлкөнүн Улуттук банкы тарабынан
жүгүртүүгө чыгарылган. Атайын банкнот - "Көрүнүктүү окуялар жана
адамдар" сериясынан. Аны ишке ашыруу теке айынын 26нан
тарта акча-кредиттик жөнгө салуучу органдын интернет-дүкөнү аркылуу ишке
ашырылат. Эске салсак, Темирбек Жүргенов Казакстандын биринчи билим министри
болгон. Анын
аркасында республикада Казакстанда жана бүткүл Орто Азияда алты ири университеттин
курулушу башталган.
Асан Ахметжан,
Казакстан Улуттук банкынын басма сөз катчысы:
"TEMIRBEK JÚRGENOV.125 JYL" монеталары мельхиор эритмесинен жасалган, салмагы 15 грамм, диаметри 33 мм, жүгүртүүдөгү эң сонун сапатта. Монетанын номиналы 100 теңге, жүгүртүүсү он миң даана. Коллекциялык монеталар төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча Казакстан Республикасынын бүткүл аймагында номиналдык наркы боюнча кабыл алынууга, ошондой эле банктык эсептерге төлөө үчүн, өлкөнүн бардык банктарында которуу, алмаштыруу жана чегерүү үчүн милдеттүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков