20дан ашык Казакстандык университет дүйнөдөгү мыкты ЖОЖдор рейтингине кирди

20дан ашык Казакстандык университет дүйнөдөгү мыкты ЖОЖдор рейтингине кирди

Кошумчалай кетсек, 2022-жылы алардын саны 16 гана болгон. Дүйнөлүк изилдөөнү британиялык Quacquarelli Symonds компаниясы жүргүзгөн. Анда жогорку окуу жайлардын академиялык аброю, окутуучулар менен студенттердин катышы, цитата индекси, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу сыяктуу 9 критерий боюнча бааланган. Белгилей кетсек, тандоого дүйнөнүн булуң-бурчунан 3 миңге жакын университет катышкан. Алардын ичинен эң мыкты рейтингге 104 өлкөдөн 1500гө жакын гана окуу жай кирген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков