Казакстандын чыгышында түстүү металлдардан жаңы кендери издештирилип жатат. Мындан тышкары, иштеп жаткан кендердин келечектүү участокторун тереңдетип чалгындоо иштери жүрүп жатат. Негизги милдет-пайдалуу кендердин корлорунун азайышын чечүү. Ал эми жаңы чийки зат базасын табуу бул аймакта иштеген компаниялар үчүн маанилүү багыт болуп саналат.
Иран Шархан, Казакстандын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү вице-министри:
- Чыгыш Казакстан жаратылышка гана эмес, пайдалуу кендерге да бай. Учурда аймакта геологиялык чалгындоо иштери жүрүп жатат. Мекемелерде бир нече пландар бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков