Казакстанга жыл башынан бери 200 миңдей чет элдик турист келген

Казакстанга жыл башынан бери 200 миңдей чет элдик турист келген

Казакстанга келген чет элдик туристтердин саны өсүүдө. eQonaq маалымат тутумунун эсебине ылайык, жыл башынан бери өлкөгө дээрлик 200 миң чет элдик саякатчы келген. Негизинен алар коңшу Орусия менен Өзбекстандан, Түркиядан, Кытайдан жана башка көптөгөн өлкөлөрдөн келишкен туристтер. Ошол эле учурда статистика көрсөткөндөй, чет алар Казакстан менен таанышууну көбүнчө Алматы жана Нур-Султан шаарларынан башташат. Туристтерди тарыхый имараттар жана заманбап архитектура менен шайкеш келген уникалдуу жаратылыш эстеликтери өзүнө тартып турат. Келүүчүлөрдүн саны боюнча Кызылорда жана Маңгыстау облустары да алдыңкы орунда.

Даниел Сержанулы, «Kazakh Tourism» Улуттук компаниясынын башкаруучу мүдүрү;

- Алгач EQonaq чет элдик туристтерди миграциялык каттоо үчүн түзүлгөн. Эми система саякатчылардын жалпы санын эсептеп, алар боюнча статистикалык маалыматтарды чогултууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, анын аркасында туристтин чыныгы образы түзүлөт, башкача айтканда, ал ким, канча жашта, кайда баратат, өлкөгө биринчи жолу келдиби же бул экинчи сапарбы, ошондой эле ал кайсы аймактарга жана кайсыл жерлерге баргысы келет. Мына ушунун баарын билүүгө болот.

Белгилей кетсек, eQonaq маалымат системасы 2020-жылдын жетинин айында ишке киргизилген. Учурда ал республикалык маанидеги 3 шаарды жана 14 райондук борборду камтыйт.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков