2023-жылдын алгачкы жарымында 98,7 миллиард теңге суммасында туристтерге кызмат көрсөтүлдү

Казакстандын туризм тармагы активдүүлүктүн туу чокусунда. Жылдын биринчи жарымында эле өлкөнүн мейманканалары саякатчыларды дээрлик 99 миллиард теңгеге тейлөөгө жетишти. Бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 45%га көп. Өткөн жылы республиканын жайгаштыруу жайлары туристтерди 68 миллиард теңгеге жакын суммага кызмат көрсөткөн. Пандемияга чейинки деңгээлге салыштырмалуу бул көрсөткүч дээрлик эки эсеге өстү.

 

Акмарал Менлибек, Туризм жана спорт министрлигинин башкарма комитетинин башкы серепчиси:

-Үстүбүздөгү жылдын 6 айында жайгаштыруу жайларынын кызматынан пайдаланган ички туристтердин саны 3,1 миллион адамга жетти. Бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 400 миң адамга, ал эми пандемияга чейинки деңгээлден 1 миллион адамга көп.

 

Ал эми чет элдиктерге келсек, биринчи жарым жылдыкта жарым миллиондон ашык турист мейманканаларда жана эс алуу жайларында жайгашты. Бул былтыркы көрсөткүчтөн дээрлик 2 эсе жогору.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков