Казакстанда 4 болот куюучу завод салынат

Казакстанда 4 болот куюучу завод салынат

Казакстанда 2025-жылга чейин 4 болот куюучу завод курулат. Мындан тышкары кокс өндүрө турган эки ишкана жана 5 ферро эритме заводу ишке киргизилет. Кара металлургия тармагындагы долбоорлорун ишке киргизүү 1,2 миллиард доллар көлөмүндө импортту алмаштырууга мүмкүндүк берет. Ошентип Казакстан чет мамлекеттерге 3 миллиард долларлык товар экспорттой алат. Буга кошумча түстүү металлдарды өндүрүү боюнча 11 долбоорду ишке ашыруу көздөлүп жатат.

Кайырбек Өскенбаев, Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:

- Алюминий өнүмүн өндүрүү боюнча 6 ири долбоорду ишке ашыруу мерчемделүүдө. Бул экспорттун көлөмүн 645 миллион АКШ долларына көбөйтөт. Даяр жез буюмдарын чыгаруучу 3 заводду куруу көздөлгөн. Бул да экспортту 200 миллион долларга чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков