Казакстанда жаңы мектепте жогорку квалификациялуу адистер даярдалат

Казакстанда жаңы мектепте жогорку квалификациялуу адистер даярдалат

Биринчи көп тармактуу окуу жайы 20дан ашык багыт боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдайт. Окуучулар үчүн санариптик билимди жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган билим берүү программалары иштелип чыккан. Алар дүйнөлүк компаниялар тарабынан кеңири колдонулган C++ жана Python программалары менен иштешет. Кесиптик программалоо, робототехника жана 3D моделдөө курстары да каралган. Ал эми изилдөөлөр жана талдоолор үчүн мында эң заманбап жабдуулар менен жабдылган лабораториялар ачылган. Айта кетсек, облуста дагы эки ушундай IT-мектепти ачуу пландалып жатат.

Асет Абдрахманов, Түркестан облусунун санариптештирүү, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана архивдер башкармалыгынын башчысы:

- Жаштар эмгек рыногунда талап кылынган кесипке ээ боло алышат. Азыркы учурда биз Astana HUB менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп,  санариптик сабаттуулук боюнча акысыз курстарды ачууну пландап жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков