Казакстанга кызгылт бирказан куштары келди. Кызыл китепке кирген канаттуулар Костанай облусундагы Пожарный көлүнө конду. Орнитологдордун айтымында, бул алардын Африка континентиндеги кышкы үйү. Суу сактагычта бир аз күч жыйнаган соң Наурызым коругуна бет алышат. Бул жерде алар уя куруп, балапан басып чыккандан кийин кайрадан жылуу жакка учуп кетишет. Белгилей кетсек, бирказан куштары сейрек кездешүүчү канаттуулардын бири жана Казакстандын жаратылыш мурасы болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков