Казакстанда «5 мүнөт ичинде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар»

Казакстанда «5 мүнөт ичинде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар»

Бул санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу жүрүшүндө жеткиликтүү болот. Ошол эле учурда мамлекеттик органдардын бизнес-жараяндарын толук санариптештирүүгө, IT-өнүмдөрдүн жана кызматтардын экспортунун көлөмүн 1,5 миллиард долларга чейин көбөйтүүгө, буга кошумча Astana Hub технопаркынын алкагында 1 триллион теңгеге жакын инвестиция тартууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, концепциянын алкагында республикада региондук санариптик хабды түзүү, байланыш тармагын андан ары демонополизациялоо, киберкоопсуздукту комплекстүү бекемдөө жана саламаттык сактоо, билим берүү, жарандык коопсуздук тармактарында жасалма интеллектти өнүктүрүү үчүн негиз түзүү боюнча чаралар ишке ашырылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков