Казакстанда космос тармагы консорциуму түзүлөт

Казакстанда космос тармагы консорциуму түзүлөт

Анын алкагында инновациялык технологияларды өнүктүрүү жана коммерциялаштыруу, окуу процессин өндүрүш менен интеграциялоону өнүктүрүү колго алынат. Ошол эле учурда Евразия улуттук университетинде космостук инженерия жана технологиялар кафедрасынын базасында докторантура ачылат. Ал эми быйылкы жылы физика-техникалык факультетинде эки жаңы магистрдик билим берүү программасы – «Аэрокосмостук инженерия» жана «Жерди алыстан зонддоо технологиялары» ишке кошулду. Ошону менен бирге Казакстандын космостук өнөр жайы үчүн илимий кадрларды даярдоо максатында университетте диссертациялык кеңеш түзүү пландалууда, деп билдирет Жогорку окуу жайы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков