Казакстандын жаратылышты коргоо демилгеси дүйнөлүк экологиялык сынакка сунушталды

Казакстанда флора менен фаунаны коргоо жана калыбына келтирүү долбоору жогору бааланды. «Алтын дала» жаратылышты коргоо демилгеси дүйнөлүк экологиялык сынакта 15 финалисттин катарына кирди. Экодолбоор 2005-жылы бөкөндөрдүн жоголушун алдын алуу максатында түзүлгөн. Чоң эмгектин натыйжасында популяциясы дээрлик 3 миллионго жетти. Бул болуп көрбөгөндөй көрсөткүч. Мындан тышкары «Алтын Дала» өнөктөштөрү менен биргеликте бөкөндөрдөн тышкары талаа бүркүтүнүн, кулан жана Пржевальский жылкысынын тукумун калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, казакстандык демилге Улуу Британия, Эквадор жана Перу долбоорлору менен атаандашат. Сыйлык тапшыруу аземи жетинин айынын 6да Түштүк Африкада өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков