Казакстандык окуучулар жамгырдан электр энергиясын алуунун жолун тапты

Казакстандык мектеп окуучулары жамгырдан электр энергиясын өндүрүүнүн жолун табышты. Шымкенттин жаш окумуштуулары тамчылатуучу генераторду иштеп чыгышты. Бирок аны кураштырууга киришерден мурун, ал альтернативдүү энергия булактарын түзүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбаны изилдеп көрүшкөн. Ойлоп табуу атайын каптоо менен иштетилген бетке түшкөн тамчылардын сүрүлүшүнөн ток чыгарууга мүмкүндүк берет. Бул жаатта суунун материал менен өз ара аракеттенүү аралыгын жана аянтын туура эсептөө маанилүү. Мындан тышкары, жаш ойлоп табуучулар кадимки бөлмө температурасында жогорку нымдуулук да абадан электр энергиясын алууга болорун аныкташкан. Ноу-хау Алматыда өткөн эл аралык сынакта колдоо тапты.

Мөлдир Смайыл, №8 адистештирилген гимназиясынын окуучусу:

– Бул генераторду колдонуу абдан оңой. Ага эки гана материал керек. Бул жарым өткөргүч жана электрод. Бул энергия алуу үчүн жетиштүү. Экосистемага таасир этпейт.

Бүгүнкү күндө окуучулар технологияны өркүндөтүп жатышат. Келечекте аны дарыялар менен көлдөрдүн жанында колдонууга болот. Азырынча аз гана кубаттуулук өндүрө алат. Бирок бул күн батареяларын колдонуудан 10 эсе арзан. Башкача айтканда, келечекте күндөн энергия алган панелдерге альтернатива болушу мүмкүн.

Юрий Грязнов, № 8 адистештирилген гимназиясынын физика предметинин мугалими:

– Электромагниттик толкундардын өз убагында таралуу мүмкүнчүлүгү бүгүнкү күндө уюлдук телефон түрүндө колдонула баштады. Ошондуктан  бул башталышы гана деп толук айта алабыз. Келечекте студенттерибиздин ойлоп табуусу илимге жана тарыхка чоң ачылыштарды алып келе турган долбоор болот деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков