Эки казакстандык команда NASAнын космос сынагына катышат

Эки казакстандык команда  NASAнын космос сынагына катышат

Казакстандык студенттер NASAнын космостук колдонмолор боюнча эл аралык сынагына катышууда. Азыр дүйнөлүк этап башталып, анда талапкерлердин долбоорлору каралууда. Анын жыйынтыгы боюнча финалисттер аныкталат. Ал эми жеңүүчүлөр келерки жылдын үчтүн айында аныкталат. Белгилей кетсек, аймактык этап дүйнө жүзү боюнча тогуздун  айынын башында уюштурулган. Өздөрүнүн космостук долбоорлорун 150дөн ашуун өлкөдөн 9 миңге жакын команда сунушташты. Бардыгы болуп 940 топ тандалып алынды. Алардын экөө казакстандыктар.

 

Серик Жартыбаев, Павлодар шаарынын маалыматтык технологиялар колледжинин башчысы:

 

- Павлодар маалыматтык технологиялар колледжинин студенттери Роман Устименко жана Жан Бейсекеев, ошондой эле Ахмет Байтурсынов атындагы мектептин окуучусу Игорь Мартынюк 3D сайтын иштеп чыгып, реалдуу маалыматтарга негизделген планеталардын кыймылы сүрөттөлгөн Күн системасынын моделин иштеп чыгышты. Атүгүл Curiosity космос аппаратынан тартылган кадрлар түз эфирде көрсөтүлөт. Бул сынакта казакстандыктар буга чейин да күчтөрүн чынап көрүшкөн. Бирок азырынча дүйнөлүк этапка эч ким чыга элек. Ошондуктан биздин студенттерди байланыштыруучу көпүрө деп атоого болот.  

 

Жан Бейсекеев, долбоор автору:

 

- Биз күн системасынын макети бар веб-сайтты иштеп чыктык. Анда планетабыздагы ар бир космостук объект жөнүндө толук маалымат алууга болот. Бардык чогултулган маалыматтар казак, орус жана англис тилдерине которулган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков