Казакстанда Aqyl Tech жана It-Aiel долбоорлоруна катталуу башталды

Казакстанда Aqyl Tech жана It-Aiel долбоорлоруна катталуу башталды

Казакстанда аялдардын IT стартаптары активдүү өнүгүп жатат. Бул көрсөткүч өзгөчө акыркы эки жылда күч алганы байкалууда. Эгерде 2023-жылы аялдар баштаган 179 IT-компания катталган болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 300дөн ашты. Санариптик ишкердикти өнүктүрүү максатында Казакстанда үчүнчү жыл катары менен It-Aiel долбоору ишке ашырылып келет. Бул убакыттын ичинде 5 жарым миңден ашык адам санариптик чеберчиликтин татаал жактарын өздөштүргөн. Адистер жаштарды алдыңкы технологияларга көнүктүрүү максатка ылайыктуу дешет. Андыктан быйылкы жылдан баштап жаш муунга багытталган «Aqyl Tech» долбоору колго алынмакчы. Программанын алкагында өлкөнүн жаштары жасалма интеллект жана киберкоопсуздук боюнча окутулат.

Азиза Шужеева, Technowomen КЕК башкармасынын төрагасы:

- Aqyl Tech долбоору жаштардын акылдуу технологиялар боюнча билимин өнүктүрүүгө багытталган. Айыл жаштарына артыкчылык берилет. Бул өлкөнүн технологиялык өнүгүүсүнө түрткү бере турган жаңы демилге. Жалпысынан Казакстандын бардык аймактарын камтыйт. Жаштар ресурстук борборунун базасында 100 машыктыруучу даярдоону пландап жатабыз. Андан соң алар өз аймактарындагы элеттеги жаштарга жаңы санариптик көндүмдөрдү жана каржылык сабаттуулукту үйрөтүшөт.

Кош окутуу программасынын үч мыкты бүтүрүүчүсүнө атайын грант дайындалат. Жеңүүчүлөр келерки жылдын тогуздун айында АКШнын Бостон, Нью-Йорк жана Майами шаарларында топтолгон дүйнөнүн алдыңкы технологиялык компаниялардын иштери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Кристина Вебер,  It-Aiel, Aqyl Tech программаларынын негиздөөчүсү:

- Google жана Netflix сыяктуу дүйнөгө белгилүү компанияларга барып, Гарвард университетин кыдырышат. Студенттердин сунуштарын эске алабыз. Кандай компаниялардын жумушу менен таанышууну каалаарын тактап, ошол жерлерге баруусун камсыз кылууга аракет кылабыз. АКШнын алдыңкы компанияларынын жетекчилери, менеджерлери менен жолугушуулар өткөрүлөт. Студенттер бул сапарда чоң тажрыйба топтошу үчүн атайын программа түзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков