Казакстандык студент куткаруучуларга арналган мобилдик тиркеме иштеп чыкты

Казакстандык студент ыктыярчылар үчүн мобилдик тиркеме ойлоп тапты. Ал каалоосун билдиргендерге өзүнө жаккан долбоорду тандап, ыктыярдуу түрдө кызмат кылууга жардам берет. Ал уюмдарга ошол ыктыярчылардын ишин жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Жаңы тутум волонтерлордун ишинин ачыктыгын камсыздайт жана алардын ишенимин жогорулатууга шарт түзөт. Анда ар бир ыктыярчынын рейтингин көрүүгө болот. Бардык чогултулган маалыматтар атайын портфолио ичине салынат. Андан кийин аны көрсөтүп, жумушка орношууга мүмкүнчүлүк бар. Бул колдонмо Костанай облусунда суу ташкындары учурунда ийгиликтүү сыноодон өтүп, жакшы натыйжаларды берди. Белгилей кетсек, аталган долбоорду жасоого автор - Роман Говако жарым жыл убакыт короткон. Тиркеме  эми гана ишин баштап жатат. Келечекте аны өнүктүрүп, бардык ыктыярдуу уюмдардын жумушуна киргизүү мерчемделүүдө.

Роман Говако, студент, долбоор автору:

– Колдонмо системасы кеңири. Мисалы, инстаграмдагыдай жүгүрмө да бар. Уюмдар ага постторун жайгаштыра алат. Негизги максаты - окуялар тууралуу маалыматты жүктөп алуу. Уюмдар өздөрүнүн мерчемдеп жаткан иш-чаралары тууралуу маалыматты жарыялап, аларга ыктыярчылар катышат. Андан кийин, бул иш-чаралар ыктыярдуу саат катары чогултулат.

Гүлнар Абдулина, Долбоордун илимий жетекчиси:

– Биздин өлкөдө бул тиркемеге альтернатива жок десе болот. Биз аны түзүү үчүн бардык интернет булактарын карап чыктык. Ошондон улам коомубуз ушул мобилдик тиркеме аркылуу иштесе жакшы болмок деген ойго келдик. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков