Казакстандагы мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк келечеги

Казакстандагы мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк келечеги

Азыркы учурда АКШ валютасында болжол менен бир миллиард долларды түзгөн 152 долбоор пландоо баскычында турат. Түзүлгөн келишимдердин статистикасы боюнча, алардын 90%ы билим берүү, саламаттыкты сактоо, энергетика, турак жай-коммуналдык чарба, транспорт тармактарына тиешелүү. Белгилей кетсек, өлкөдө мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн алкагында 1085 долбоор ишке ашырылган. Талдоочулардын айтымында, МЖӨ механизми ири шаарларда жигердүү ишке ашырылууда. Эми аймактарда ишти күчөтүү керек.

Нариман Маннапбеков, Азия өнүктүрүү банкынын Казакстандагы өкүлүнүн башчысы:

- Биз бир катар долбоорлор боюнча ийгиликтерге жетиштик, алардын биринчиси Караганды медициналык университети. Ага оорукана керек, биз биринчи жолу бул оорукананы жеке инвесторлор арасында атаандаштыкка чыгарып жатабыз. Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык тендердик документтерди талдоочулук органдарга тапшырды. Алардын көбү оң корутунду беришти, жакын арада тендер жарыяланат деп ойлойбуз. Бул социалдык сегментте биринчи болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков