Казакстандын учкучсуз учуучу аппараттары экспортко чыгарылат

Казакстандын учкучсуз учуучу аппараттары экспортко чыгарылат

Ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттар экспортко чыгарылат. Казакстан менен Сербия өлкөлөрү буга мүмкүндүк берген кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Өлкөнүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги бул казакстандык өнүмдүн чет элдик өндүрүүчүлөр менен атаандаша алаарынын ачык белгиси экенин билдирет. Ошондой эле, документтин алкагында тараптар аскердик-техникалык жабдууларды биргелешип чыгаруу боюнча бир катар келишимдерге кол коюшту. Алдыдагы убакытта Казакстан менен Сербиянын ишканалары 82 жана 120 мм калибрлүү ракета-артиллериялык ок-дарыларды жана миномётторду кураштырышат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков