Казакстандын ТИМ: казакстандыктар түшкөн экинчи автобус Украина-Польша чек арасынан өттү

Казакстандын ТИМ: казакстандыктар түшкөн экинчи автобус Украина-Польша чек арасынан өттү

Казакстандыктардын дагы бир тобу Украина-Польша чек арасынан аман-эсен өттү. Өткөн аптадан бери дипломаттардын жардамы менен мекендештер репатриация каттамдары аткарыла турган Польшанын Катовице шаарына жетүүгө аракет кылып жатышат. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги чогултуу пунктунда 80 адам катышканын билдирген. Мындан тышкары 12 казакстандык студент Харьковдон Львовго поезд менен жөнөтүлгөн. Украинанын ар кайсы шаарларындагы казакстандыктар республиканын элчилигине кайрылып, жайгашкан жери тууралуу маалымат берүүсүн суранышат.

Айбек Смадияров, Казакстандын ТИМ расмий өкүлү:

- Репатриация рейсинин жүргүнчүлөрү Украина-Польша чек арасынан визасыз өтүшөт. Ошондой эле, милдеттүү карантинден, ПЧР текшерүүдөн жана эмдөө паспортун көрсөтүүдөн бошотулат.

Буга чейин Казакстандын Киевдеги элчилигине мекенине кайтуу үчүн 600дөн ашуун адам кайрылган. Тышкы иштер министрлиги бардыгына жардам көрсөтүлөрүн жана келечекте башка репатриация каттамдары уюштуруларын билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков