Казакстандын республикалык жолдорунда чагылтуу катафоттор пайда болду

Казакстандын республикалык жолдорунда чагылтуу катафоттор пайда болду

Казакстанда жаңы инновациялык жол иштеп чыгуулары ишке киргизилүүдө. Учурда ата мекендик окумуштуулар тарабынан даярдалган чагылтуу катафоттору деп аталган жол белгиси республикалык автожолдордун айрым участокторунда сыноодон өтүп жатат. Адистердин айтымында, алар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо жана жол кырсыктарын азайтууда эффективдүү. Жарыктын эки түсү – кызыл жана сары – тандалган. Технология өзгөчө түнкүсүн эффективдүү.

 

Ляззат Стамгазиева, «Казавтожол» УК расмий өкүлү

 

Адистер ата мекендик иштеп чыгуучу менен бирдикте инновациялык катафотторду жана рефлекторлорду республикалык магистралдардын тегерек тилкелеринде, бүгүлүү жерлеринде сынап жатышат. Учурда алар 2 участокто сыноодон өтүүдө. Бири Астана-Щучинск автожолунун 41-чакырымында, экинчиси Астана-Темиртау жолунун 1358-чакырымында орнотулган. Бул магистралдар республикадагы эң кыймылдуу магистралдардын бири болуп эсептелет. Бул жерден бир күндө 30 миңге чейин унаа өтөт.

 

Эске сала кетсек, буга чейин күн батареяларынан энергия алган катафоттор "Астана-Петропавл" унаа жолунда сыналган. Алар кооптуу аймактарда айдоочулардын көңүлүн бурат, ошондой эле жол сызыгын кесип өткөндө үн эффектисине ээ. Бул карама-каршы жол тилкесине чыгуу ыктымалдыгын азайтууга жана алдыңкы кагылышуулардан же жолдун четине чыгуудан качууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков