Быйыл Казакстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелерге 30 жыл толду. Буга байланыштуу Казакстандын Анкарадагы элчилиги коомдук ишмерлердин жана саясатчылардын катышуусунда маалымат жыйынын өткөрдү. Жолугушууда катышуучулар жалпы тарыхка жана маданий-руханий байланыштарга негизделген өнөктөштүктү кеңири талкуулашты. Ошондой эле, эки өлкөнүн кызматташтыгы бардык тармактарда тез өнүгүп жатканын белгилешти.
Хулуси Кылыч, саясатчы, Түркиянын Азербайжан менен Монголиядагы мурунку элчиси:
- Казакстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелерден башка өлкөлөр үлгү алса болот. Бул жылдар аралыгында Түркия Казакстанга көп колдоо көрсөттү. 30 жылдын ичинде Казакстан региондогу эң өнүккөн өлкөгө айланды. Быйылкы жыл биздин өлкөлөр үчүн маанилүү.
Жолугушууда «Эки эл, бир жүрөк» аттуу жаңы китептин бет ачары да болду. Жыйнакка эки өлкөнүн мектеп окуучуларынын эмгектери киргизилген.
Алааддин Курт, Денге мектебинин мүдүрү:
- Китепке биздин мектептен 11 окуучунун ыр, жомок, дилбаян сыяктуу чыгармалары жана Казакстандан келген 41 окуучунун чыгармалары киргизилди. Алардын казакчасын түрк тилине, түркчөсүн казакчага котордук. Ошентип эки өлкөнүн окуучулары бакыт, достук, эгемендүүлүк деген түшүнүктөр боюнча бири-биринин дүйнө таанымы менен таанышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков