«Адилет» партиясы Ишкердик кеңешин түздү

«Адилет» партиясы Ишкердик кеңешин түздү

«Адилет» партиясынын ишкердик кеңеши түзүлдү. Жаңы аянтча ишкерлер, серепчилер жана мамлекеттик органдардын ортосунда туруктуу диалог орнотуп, экономиканы өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди иштеп чыгуу менен алектенет. Ал эми кеңеш туруктуу иштеши үчүн экономиканын ар кандай секторлорунан 7 тең төрага дайындалды. Бул тууралуу партиянын төрагасы Айбек Дадебай транспорт-логистика тармагынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди. Өткөн жылы эле бул тармак 20,5% үлүштү көрсөттү. Анын ИДӨгү үлүшү 6% ашты, ал эми транзиттик ташуулардын көлөмү 39 миллион тоннаны түздү. Жолугушууга катышкандар темир жол тарифтери, инвестицияларды тартуу, эл аралык автоунаа ташууларды өнүктүрүү жана тармакты санариптик трансформациялоо маселелерин талкуулашты.


Айбек Дадебай, «Адилет» партиясынын төрагасы:


– 2023-жылы Президент өз кайрылуусунда Казакстанды толук кандуу  транспорттук-логистикалык державага айлантууну стратегиялык максат кылып койгон болчу. Ошондо Транспорт министрлиги кайра курулду жана мында эң башкысы - бул милдетти түшүнүүнүн түзүлүшү түп тамыры менен өзгөрдү. Транзит – бул жөн гана жолдор жана терминалдар маселеси эмес. Ал өзүнүн кирешеси, жумуш орундары жана ИДӨгө кошкон салымы менен экономиканын өз алдынча тармагына айланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков