Казакстандын президенти Иорданиянын королу жана мураскер ханзаадасы менен жолугушту

Казакстандын президенти Иорданиянын королу жана мураскер ханзаадасы менен жолугушту

Касым-Жомарт Токаев Аммандагы Аль-Хусейния сарайына келди. Анда Казакстандын Президентинин жолугушуусунун салтанаттуу аземи болуп өттү. Эскерте кетсек, мамлекет башчысы расмий иш сапары менен Иорданияда жүрөт. Касым-Жомарт Токаевди падыша Абдалла бен ал-Хусейн II жана мураскер Ханзаада Аль-Хусейн тосуп алышты. Жогорку даражалуу меймандын урматына сарайдын алдындагы аянтта ардактуу кароол тизилди. Аскердик оркестрдин аткаруусунда Казакстан менен Иорданиянын гимндери жаңырды. Ардактуу кароолдун ротасынын башчысынын рапортунан кийин мамлекет башчылары сүйлөшүү залына бет алышты. Тараптар соода, инвестиция, өнөр жай, айыл чарба, транспорт жана логистика, туризм, энергетика, санариптештирүү жана фармацевтика сыяктуу негизги тармактарда өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков