Касиеттүү Курман айт майрамы башталды. Орозо айттан 70 күндөн кийин келген ыйык майрам теке айынын 22-күнүнө чейин уланат. Ушул күндөрү мусулмандар курмандык чалып, кайрымдуулук иштерин аткарышат. Эске сала кетсек, быйыл Курман айт намазы катаал санитардык талаптарга ылайык, «сары», «жашыл» аймактарда мечит короолорунда гана окулат. Жамаат намаз убагында коопсуздук чараларын сактап, айт намазы бүткөндөн кийин мечит айланасында көпкө турбашы керек. Ал эми «кызыл» зонадагы аймактарда айт намаз окулбайт. Курмандык чалуу эки жол менен жүзөгө ашырылат. Биринчиси мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары уруксат берген жерлерде жүргүзүлөт. «Сары» жана «жашыл» аймактарда санитардык эрежелерди сактоо менен жергиликтүү касапканаларда онлайн жана офлайн форматта өткөрүлөт. Экинчиси өлкөнүн «кызыл» зоналарында шарияттын «өкүлдүк» салтына ылайык, «Құрбан2021.kz» сайты аркылуу онлайн режимде жүргүзүлөт. Дин башкармалыгынын өкүлдөрү мусулмандарды Курман айтты майрамдоого жоопкерчиликтүү кароого чакырат.
Бакытжан Откелбаев, Республикалык «Хазрет Султан» мечетинин наиб-имамы
- Курман айт – бул маанилүү майрам, бирок биз мекендештерге пандемия убагында айттаганга, эл көп топтолгон жайларга барганга болбой турганын, үйдө майрамдоо керектигин эскертебиз. Курман айтты жакын туугандар менен бирге майрамдоону сунуштайбыз. Азыр бардыгын соцтармактар аркылуу онлайн куттуктоого болот, ошондой эле, дин башкармалыгы тарабынан Курман айтты майрамдоо боюнча имамдардын кеңештери жазылган роликтер даярдалган.
Казакстандыктарды майрамы менен Касым-Жомарт Токаев да куттуктады. Президент өз сөзүндө бүгүн кайрымдуулук жана боорукерлик, соопчулук жана жакшылык иштерди жасоо маанилүү экенин белгиледи. Куттуктоодо ислам биздин салттарга абдан шайкеш келери, өлкөнүн рухий биримдигин чыңдоого салым кошкон башкы баалуулуктардын бир экени айтылат.