Казакстанда 2025-жылга чейин инфляциянын деңгээли 3-4% чегинде болушу керек. Бул тууралуу президент өкмөттүн кеңейтилген жыйынында тапшырды. Касым-Жомарт Токаев инфляцияны ооздуктоо үчүн биринчи кезекте жакырчылык менен күрөшүү жана коомдун бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча жаңы демилгелер колго алынышы керектигин баса белгиледи. Президент акыркы 5 жылда калктын жалпы кирешесинде эмгек кирешесинин үлүшү калктын жакыр катмарынын 80ден 67%га чейин азайгандыгын, ал эми социалдык трансферттер 17ден 29%га көбөйгөнүн мисал келтирди. «Мындан биз жарандардын кирешеси алардын айлык акысына эмес, бюджеттин чыгашасына көз каранды экенин көрүүгө болот. Жок дегенде, эмгек акы иш берүүчүлөрдүн пайдасына жана базар баасынын өсүшүнө караганда бир топ жай өсүүдө. Мунун кесепетинен карызга баткан адамдар менен жакыр жашагандардын саны көбөйүүдө», - деди мамлекет башчысы.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Бүгүнкү күндө 1 миллионго жакын адамдын кирешеси жашоо минимумунан да аз. Бул акыркы 10 жылдагы эң начар көрсөткүч. Ошол эле учурда, орточо эмгек акынын жана калктын жан башына түшкөн кирешенин тынымсыз өсүп жатканы айтылат. Бул чыныгы көз боёмочулук. Менин тапшырмам боюнча калктын кирешесин жогорулатуунун программасы иштелип жатат. Бул документте калктын кирешелерин арттыруу менен катар, ашыкча чыгашаларды кыскартуу боюнча мыкты чаралар камтылууга тийиш.
Касым-Жомарт Токаев өлкөдө экономикалык жана социалдык маанидеги ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ачык эл аралык сынак өткөрүүнү сунуштады. Бул кадимки тажрыйбага айланышы керек. Ошондой эле, ал «Жаңы Казакстанды» түзүүгө бир муштумдай биригип, ага ар бир жаранды катышууга чакырды. Бул үчүн акыйкат жана так мамлекеттик саясат жүргүзүлүшү керек. Ошол эле учурда, жеке менчик, адамдын укуктары менен эркиндиктеринин кол тийбестиги мыйзамдын үстөмдүгү менен камсыздалууга тийиш, - деди мамлекет башчысы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков