Казакстандын мыкты мүнүшкөрлөрү аныкталды Түркестан облусунда спорттун улуттук түрлөрү боюнча республикалык мелдеш өттү. Ага 70ке жакын өкүлдөр катышты. Алардын арасында бүркүтчү кыздар да бар. Аяжан Данияр кызы бул сынакка «Алтын» жана «Арын» аттуу эки бүркүттү жарыш жолуна кошту.
Аяжан Данияр кызы, мүнүшкөр:
- Балдар эмне дебесин, алар кыздарга караганда күчү көбүрөөк болот. Башында колубуз катуу ооруп, бүркүттү көтөрө албай, аны учура албай кыйынчылыктар болду. Убакыттын өтүшү менен аны үйрөндүк. Азыр баары жакшы. Бирок жарышта көрүп турганыңыздардай, эркектер көбүрөөк.
Жыл сайын өтүүчү мелдештин катышуучулары үч күн бою куштарынын багын сынап көрүштү. Салттуу мелдеш бир нече этаптан турат. Алгач кушту учуруп, кайра колго кондуруу ыкмасы каралды. Андан кийин кыраандардын аң улоосу бааланды. Жалпысынан уюштуруучулардын айтымында, жылдан жылга мүнүшкөрлөрдүн катары калыңдап келүүдө.
Багдат Мүптеке кызы, «Кусбеги» федерациясы коомдук бирикмеси биримдигинин вице-президенти:
- Мурда мүнүшкөрлөрдүн эң жашы 60 жашта, эң улуусу 90 жашта болчу. Республикада алардын саны 20га жетчү эмес. Бир гана бүркүтчүлүк өнүккөн. Азыр карасаңыз, мелдештин катышуучуларынын 80-90%ы жаштар. Мүнүшкөрдүк менен ителги, шумкар, сыяктуу куштарды колго кармап жүрөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

