Казакстандын Көз карандысыздыгына – 32 жыл

Бештин айынын 16 казакстандыктар мамлекеттик майрам – Көз карандысыздык күнүн белгилейт. Мындан 32 жыл мурун - 1991-жылы өлкөнүн Жогорку Кеңеши эгемендүүлүк жөнүндө Конституциялык мыйзам кабыл алган. Эгемендүүлүктү жарыялоо ошол кездеги жалгыз туура чечим болгон. Муну менен катар, жаңы тарыхый мезгилдин башталышы экени көпчүлүккө белгилүү. Көз карандысыздык жылдарында өлкө тар жол, тайгак кечүүдөн өтүп, бутуна бекем туруп, күчтүү мамлекет аталды. Бүгүнкү күндө Казакстан туруктуу өнүгүп, инвестициялык, экономикалык, транспорттук жана логистикалык дараметин арттырып келет. Анын үстүнө өлкөдө чоң саясий жаңылануу жана трансформация жүрүп жатат.

Талгат Калиев, Колдонмо этносаясий изилдөөлөр институтунун мүдүрү:
- Өткөнкү жыл реформаларга толгон жыл болду десек болот. Быйыл алар турукташтырылып, айрымдарына түзөтүүлөр киргизилип жатат. Баш мыйзамыбызга да бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Конституциялык сот кайра түзүлүп, жергиликтүү аткаруу органдарынын ыйгарым укуктарына артыкчылык берилди. Ошондой эле, шайлоо мыйзамы өзгөртүлүп, мажоритардык депутаттар институту кайтарылды. Учурда район, облустук маанидеги шаарлардын акимдерин шайлоо системасы киргизилди. Буга кошумча, Мажилис депутаттыгына талапкерлердин дээрлик жарымы бир мандаттуу округдардан шайланды.

Эгемендүүлүк жылдарында Казакстан эл аралык аренада бир катар ийгиликтерге жетти. Бүгүнкү күндө өлкө Бириккен Улуттар Уюмунун толук кандуу мүчөсү жана Шанхай Кызматташтык Уюму, Европа Кызматташтык жана Коопсуздук Кеңеши, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги, Түрк мамлекеттери, МАГАТЭ, ЮНЕСКО сыяктуу уюмдардын алкагында кызматташтыкты чыңдоого олуттуу салым кошуп келүүдө. Казакстан глобалдуу маселелер жана учурдагы кырдаал талкууланган диалог аянтчасы катары да таанылды. Анын үстүнө Казакстан антиядролук кыймыл жана тынчтык демилгелери аркылуу күчтүү беделге ээ болду.

Ермек Токтаров, Президент алдындагы Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун бөлүм башчысы:
- 1991-жылдан бери Казакстан Республикасы көп векторлуу тышкы саясатты жүргүзүп келет. Убакыт көрсөткөндөй, ар кандай геосаясий кырдаалда мындай саясат дүйнөнүн кайсы гана өлкөсү менен болбосун достук жана кызматташтык мамилелерди орнотууга жардам берет. Анын үстүнө Казакстандын президентинин 2023-жылдагы жолугушууларын эске алсак, бул биздин беделибиздин айкын көрүнүшү. Ички саясат да унутта калбайт. Себеби, биз ар дайым мамлекеттик органдарда болобу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында болобу, элдин кызыкчылыгы үчүн эң натыйжалуу ыкмаларды издеп келебиз.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков