Жумушчу кесиптердин жүрүшү

Жумушчу кесиптердин жүрүшү

Түркестанда жумушчу адистиктердин жарманкеси өттү. Окуучуларга жөнөкөй кесиптердин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштелип чыккан долбоорлор сунушталды. Уюштуруучулар ушундай жол менен бала кезинде кандай адис болууну тандай элек жаш муундардын эмгекке болгон кызыгуусун арттырууга ниеттенишүүдө. Бул жерде аймактагы 30 ири ишкана 2 миңден ашык бош орундарды сунуш кылышты. Кесиптик билим берүү уюмдары өз кезегинде рыноктун талаптарына кантип ылайыкташуу керектиги жөнүндө айтып беришти. Акыркы мезгилде региондун колледждеринде агрохимия, маалыматтык коопсуздук, эскалатор өндүрүшү, учкучсуз учуучу аппараттардын оператору сыяктуу 11 жаңы адистикти өздөштүрүүгө болот. Ошентип, аймактагы окуу жайлардын биринде дрондор кураштырылат. Андагы жаш инженерлер программалык камсыздоо менен алектенишет.


Гайрат Останов, Колледждердин программачысы:


- Ар кандай түрлөрүн нөлдөн баштап чогултуу, дизайн, эсептөө, келечекте инженерлерге чоң жардам болот. Азыр дрондор дүйнө жүзү боюнча барган сайын белгилүү болуп баратат. Ошондуктан «Түркестан Болашак» колледжи бул багытты алып, чыгарууну туура көрүп жатабыз.


Түркестан аймагында жалпысынан 50 колледжде 45 миңден ашуун студент билим алат. 16 миң адам жумуш адистиктерин өздөштүрүшөт. Жыл башында «аймактык иш менен камсыздоо картасы» бекитилген. Натыйжада быйыл эле 130 миң адам жумуш менен камсыз болот деп күтүлүүдө. Алардын ичинен 75 миңге жакыны жумушчу кесиптерге тартылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков