Казакстандын кооз туристтик багыттары чет элдик саякатчыларды тартууда

Казакстандын кооз туристтик багыттары чет элдик саякатчыларды тартууда

Муну өлкөгө келген чет элдик саякатчылардын санынын бир топ көбөйгөнүнөн байкоого болот. Маселен, быйылкы жылдын отчету боюнча туристтердин агымынын өсүшү 11%ды түздү. Ал эми 2022-жылы республикага 600 миң чет элдик келген. Алардын жарымына жакыны Актөбе облусун тандашкан. Чет элдиктерди аталган аймакка Димаш Кудайбергендин чыгармачылыгы шыктандырган. Туристтер үчүн атайын багыт  түзүлгөн. Димаштын туулган жеринде Канада, АКШ, Жаңы Зеландия, Вьетнам жана башка өлкөлөрдөн келген көптөгөн туристтерди жолуктурууга болот.

Джина Монтеалегре, Димаштын күйөрманы:

- Мен сезимимди сөз менен жеткире албайм. Казакстанга баруу менин түшүмө да кирген эмес. Бул жерде укмуштуудай адамдар жашайт. Жашым 61де. Димаштын мекенин көргөнүмө кубанычтамын. Анын ырлары мени депрессиядан алып чыкты, азыр маанайым жакшы, бардык нерсеге энергиям жетет.

Сапар-борбордо каалаган конок өзүнө ыңгайлуу багыттарды тандап, ошондой эле жергиликтүү кол өнөрчүлөр тарабынан жасалган азем белектерди эстеликке сатып ала алат.

Нурхан Тилеумуратов, облусттук ишкердик башкармасынын жетекчиси:

- Актөбе облустунда туристтик дараметибизди өнүктүрүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Биздин негизги максатыбыз аймакты мүмкүн болушунча туристтер үчүн жагымдуу кылуу болуп саналат жана бул үчүн конкреттүү чаралар колго алынды. Анын ичинде 23 туристтик маршрут түзүлүп, 859 тарыхый-маданий мурас эстеликтери, 3 санаторий иштеп жатат. 8 жаратылыш комплекси өзгөчө коргоого алынган.

Белгилей кетсек, облуста 7 туристтик имарат белгилүү. Алар  — Актолагай бор тоолору, Каскыр шаркыратмасы, Аккум жана Баркын кумдуу өрөөндөрү жана Оркаш токою менен Төлеубулак үңкүрү. Аталган багыттар Италия, Португалия жана Орусиядан келген саякатчылар арасында өзгөчө суроо-талапка ээ.

Которгон: Илгиз Жамалбеков