Казакстандын 8 жаштагы шахматчысы дүйнө чемпионатында гроссмейстерди жеңип алды

Казакстандын 8 жаштагы шахматчысы дүйнө чемпионатында гроссмейстерди жеңип алды

Казакстандык жаш шахматчы дүйнөлүк чемпионатта Латвиянын экс-министрин жеңип алды. Алматы жана Астана шахмат академияларынын 24 оюнчусу менен бир убакта өткөн оюнда ФИДЕнин башкаруучу мүдүрү Дана Озола 8 жаштагы Карим Айтжанга утулуп калды. Айта кетсек, Карим блиц боюнча Казакстандын жана Азиянын күмүш медалынын ээси.

Карим Айтжан, шахматчы:

- 3 жылдан бери шахмат ойнойм. Мен бул оюнда жеңишке жетиштим. Анткени дебютта өзүнүн фигураларынын бирин алып, мага жол ачып берди. Анын чабуулуна туруштук бере аламбы же жокпу деп көпкө ойлондум. Мен өзүмдү коргой алдым. Деген менен үчүнчү акыркы оюн бир топ кыйыныраак болду. Ошондон кийин мен атаандашымдан бир пешка утуп алдым. Анан мен пилди жегенимден кийин, ал киши мага утулдум деп колун берди.

Казакстандын шахмат федерациясынын адистеринин айтымында, дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы өлкөдө спорттун бул түрүн мындан ары өнүктүрүү үчүн жакшы түрткү боло алат.

Гүлмира Даулетова, Казакстан шахмат федерациясынын аткаруучу мүдүрү:

- Эми жол картасы ушул жылдын аягына чейин бекитилет. Быйылкы жылдан баштап бардык мектептерде шахмат факультатив катары киргизилет. Ал эми 2-11-класстар арасында шахмат боюнча олимпиада болот. Негизинен мамлекет тарабынан чоң колдоо көрсөтүлүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков