Казакстан менен Кыргызстан суу маселелерин биргеликте чечет

Казакстан менен Кыргызстан суу маселелерин биргеликте чечет

Эки өлкөнүн парламентинин депутаттары атайын жумушчу топ түзүп, суу ресурстарына байланышкан долбоорлорду биргелешип талкуулашат. Парламент Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен Казакстанга расмий иш сапары менен келген Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин жолугушуусунда сөз болду . Ошондой эле, маектешүүдө парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүү маселелери талкууланды. Маулен Ашимбаев Кыргызстан Казакстандын Борбор Азиядагы негизги өнөктөштөрүнүн жана союздаштарынын бири экенин белгиледи. Бүгүн эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонуна 30 жыл болду. Бул убакыттын ичинде ар кыл тармактардагы 150дөн ашык келишимдерди жана макулдашууларды камтыган бекем укуктук база түзүлдү. Өз кезегинде Нурланбек Шакиев Казакстандагы саясий жана экономикалык өзгөрүүлөрдү жогору баалап, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков