Казакстандын жогорку окуу жайларында жасалма интеллект курсу окутула баштайт. Планга ылайык, жаңы предмет келерки жылдан баштап окуу планына киргизилип, милдеттүү түрдө окулат. Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин маалыматында, келечектеги адистердин арасында мындай билимге болгон талап күчөйт. Башкача айтканда, жасалма интеллектти өздөштүргөн адис эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болот. Тиешелүү мекеме бул ата мекендик окуу иштеп чыгуу экенин, мындай предмет дүйнөнүн бир дагы университетинде окутулбагандыгын маалымдады. Бүгүнкү күндө стратегиялык документтер да жаңы адистердин пайда болушунун актуалдуулугун көрсөтүп турат. Белгилей кетсек, жасалма интеллектти киргизүү 2023-2025-жылдарга энергияны үнөмдөө жана газды сарамжалдуу пайдалануу планында да көрсөтүлгөн. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, элдин газды канчалык керектээрин толук кандуу жасалма интеллект аныктайт. Кийинчерээк аны аскердик кызмат системасына киргизүү да көздөлүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков