Казакстандын аймагы байыркы металлургиянын мекени. Мындан төрт миң жыл мурда тоо-кен металлургия өндүрүшүнүн чыныгы очогуна айланган Талдысай конушу буга далил. Археологиялык казуу иштери учурунда бул жерден көптөгөн жер астындагы мештер табылган. Демек, ата-бабалар коло доорунан бери эле металлды эритип, андан буюмдарды жасап келишкен. Археологиялык изилдөөлөр боюнча эң ири металлургиялык борбор азыркы Караганды облусунун аймагында жайгашкан. Бул жерде жез эритүү да жакшы өнүккөн. Окумуштуулар бычактарды, бургуларды, ийнелерди жана шуруларды табышкан. Ата мекендик жана чет элдик окумуштуулардын айтымында, дүйнөдө Талдысайга альтернатива жок.
Альбина Ержанова, А. Маргулан атындагы археология институтунун илимий кызматкери
- Казакстандын бардык аймактарында казуу иштери жүргүзүлдү. Анын ичинде 10дон ашык калктуу пункт, 5-6 металлургиялык конуш бар. Казакстандын металлургиясы 20-кылымда эмес, байыркы эрте коло доорунан башталганын далилдеп жатабыз.
Антонина Ермолаева, А. Маргулан атындагы археология институтунун илимий кызматкери:
- Азыр да өндүрүш деңгээлинде Менделеевдин таблицасын жана физикалык-химиялык мыйзамдарды билип, металлургия менен алектенүү өтө кыйын. Коло доорунун элдери жез рудасын көп өлчөмдө иштетип, кендерди иштетишкен.
Ата-бабалар биздин заманга чейинки экинчи миң жылдыкта эле жезди казып алууда алдыңкы технологияларды колдонушкан. Окумуштуулар бул ойлоп табуулар күчтүү технологиялык ачылыш болгонун айтышат. Учурда аймакта казуу иштери уланып жатат. Келечекте ага эл аралык серепчилерди тартуу көздөлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков