Казакстандын
экономикасы жарым жылда 5%га өстү. Алардын ичинен реалдуу сектор жана кызмат
көрсөтүү тармагы динамикага ээ болуп, тиешелүүлүгүнө жараша 4,8% жана 4,9%га
өскөн. Жалпысынан өлкөнүн бардык негизги тармактарында оң динамика байкалууда.
Мында эң көп өсүш курулуш, соода, маалымат жана байланыш тармактарында
катталган. Бул тууралуу Ranking.kz. порталы билдирди. Жалпысынан былтыркы жылдын
жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү геосаясий шарттарга карабастан өлкөнүн ички дүң
өнүмү 3%дан ашык өскөн. Казакстандын экономикасы мүмкүн болушунча тышкы
чакырыктарга туруштук берет. Өлкөнүн ИДӨнүн негизги үлүшү дүң жана чекене
соодага, тоо-кен, кайра иштетүү өнөр жайына, курулушка туура келет. Белгилей
кетсек, буга чейин Эл аралык валюта кору Казакстандын экономикасы быйыл 4,3%,
2024-жылы 4,9% өсөт деп болжолдогон.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков