Жайык-Каспий бассейни суу айдыңында жаратылышты коргоо
мыйзамдарын бузуунун миңге жакын учуру катталды. Мыйзамсыз аңчылыкты баштаган
669 адам административдик жоопкерчиликке тартылды. Балыктын сейрек кездешүүчү
жана жоголуп бара жаткан түрлөрүн кармоо боюнча 36 кылмыш иши козголду. Оңой
олжого ээ болгондорго жалпысынан 15 миллион теңгеден ашык айып салынды. Бул быйылкы
жазгы өнөктүктүн «Бекир-2023» балыктарды коргоо акциясынын жыйынтыгы. Былтыртан бери
жаратылышты коргоо боюнча масштабдуу иш-чаранын максаты жок болуп бараткан
балык түрлөрүн сактап калуу болуп саналат.
Аян Бахиянов, Балык чарба комитети төрагасынын орун басары:
Мыйзамсыз соода кылуудан 68 тонна балык, анын ичинен 1000 кг осетр балыгы, 29 кг осетр балыгынын жумурткасы, 295 даана балык уулоочу шаймандар, 76 даана суу транспорту жана 13 даана жеңил автоунаалар конфискацияланган. Дарыянын каналын жана деңиз акваториясын суткалык текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы узундугу 74 чакырымдан ашык суу объектилеринен 743 даана мыйзамсыз балык уулоо куралдары алынган.
Тармактын серепчиси өлкөдө көмүскө соодага каршы күрөшүү үчүн балык азыктарын көзөмөлдөөчү маалымат системасы иштелип жатканын белгиледи. Кармалгандан баштап керектөөчүгө сатууга чейинки көлөмдү көзөмөлдөйт. Белгилей кетсек, Экология жана жаратылыш ресурстар министрлиги браконьерлер менен күрөшүү үчүн дрондорду жана түнкү көрүүчү жабдууларды сатып алууда. Быйылкы жылы республиканын балык чарба инспекцияларынын материалдык-техникалык жактан жабдылышын чыңдоого 1,9 миллиард теңге бөлүнгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков