Борбор калаада 3-ЖЭБдин биринчи фазасын жана жалпы
кубаттуулугу 1130 Гкал болгон эки газ ЖЭБдин курулушу 2026-жылга чейин жылуулук
энергиясынын запастарын чогултууга мүмкүндүк берет. Шаарда турак-жай
курулушунун азыркы темптери сакталса, бул максатка жетишүүгө болот. Өкмөт
Астананы мындан ары өнүктүрүү боюнча мамлекет башчысынын тапшырмаларын аткаруу
боюнча чараларды карады. Шаар башчысы Жеңиш Касымбек таза суу менен камсыздоо,
транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, курулуш жана жолдорду оңдоо боюнча
аткарылып жаткан долбоорлордун жүрүшү менен тааныштырды. Шаар мэри жаңы
программалык документтерди иштеп чыгуу боюнча маалымат берди. Анда Астананы
2035-жылга чейин өнүктүрүүнүн башкы планы, 2030-жылга чейин жаңылануу
программасы жана бирдиктүү жашылдандыруу концепциясы камтылган. Премьер-министр
бардык инфраструктуралык объектилерде курулуш-монтаждоо иштерин өз убагында
бүтүрүүнү камсыздоону тапшырды. Алихан Смаилов республикалык бюджетти түзүү жана
тактоо учурунда өкмөткө Астананын артыкчылыктуу долбоорлорун каржылоону эске
алуу менен борбордун агломерациясын өнүктүрүүнүн комплекстүү планын иштеп
чыгууну тапшырды. Ал ошондой эле борбор калааны өнүктүрүү көйгөйлөрүн чечүү
мамлекеттин приоритеттүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков