Карантин учурунда Казакстандын чек арасынан өтүү тартиби жеңилдетилди. Мекемелер аралык комиссиянын маалыматы боюнча, республиканын чет мамлекеттер менен аба байланышынын жол-жобосу оптималдаштырылат. Жеңилдиктер казакстандыктарга гана эмес, чет элдиктерге да тиешелүү болот. Өлкөгө кирүүдө бир гана талап – жүргүнчү вакцина алган-албаганына карабастан, 72 саатка жарамдуу ПЧР-тест аныктамасын сунушташы керек. Ошондой эле, автоунаалар аркылуу чет мамлекеттерге чыгуу үчүн чектөө мөөнөтү эки эсе азайды. Эми казакстандыктар башка өлкөгө 15 күндө бир жолу бара алышат. Бул чаралар экономикалык кызматты жандандырууга, ички туризмди өнүктүрүүгө жана өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков