Казакстанда Калкты тейлөө борборлору «Ashyq» мобилдик тиркемесинин жардамы менен мурунку иштөө режимине кайтып жатат. Ар бир алдыңкы кеңсе сканерлөө үчүн өзүнүн QR-кодун алды. Өлкөнүн Башкы мамлекеттик санитардык дарыгеринин жарлыгына ылайык, эми мамлекеттик кызматтарды алдын-ала онлайн режиминде кезекке турбастан, коопсуз макамы бар кардарлар ала алышат. Ал эми «сары» же «кызыл» макамы аныкталган керектөөчү имаратка киргизилбейт. Мындай жол менен калкты тейлөө борборлору жарандардын санын көбөйтүп, кызматкерлердин коопсуздугун сактай алышат. Деген менен алдын-ала онлайн кезекке туруу кызматы сакталат, бирок бул милдеттүү талап болуп эсептелбейт.
Белгилей кетсек, «Ashyq» же ушул сыяктуу функциялары бар башка тиркемелер болбогон шартта, казакстандыктардын макамын кирүүдө Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлери ИИН боюнча аныкташат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков