Казакстанда коронавируска байланыштуу бардык чектөөлөр расмий түрдө алынып салынды

Казакстанда коронавируска байланыштуу бардык чектөөлөр расмий түрдө алынып салынды

Мындай чечим Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 пандемиясынын аяктаганын жарыялагандан кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан кабыл алынды. Ошол эле учурда өлкөдө Ашык долбоорунун күчү токтотулду. Бирок, коронавирус инфекциясы толук жоюла элек. Ага карабастан, илдеттин салыштырмалуу жеңил өтүшүн эске алуу менен, кийин калктын ооруга чалдыккандыгы көзөмөлгө алынат. Ал башка вирустук инфекциялар менен бирге туруктуу негизде жүзөгө ашырылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков