Астанада Run for
Autism IV кайрымдуулук чуркоо жарышына каттоо жүрүүдө. Быйылкы массалык чуркоо
Астанадагы Ботаникалык бакда чын куран айынын 26да өтөт. Акыркы үч жылда ага
6500гө жакын адам катышып, чогулган кайрымдуулук каражатына 25 инклюзия кеңселери
ачылган. Ошондой эле, уюштуруучулар педагогдорду даярдоо курсун иштеп чыгышкан,
ага Борбор Азиядан 4000ден ашык адистер тартылды. Инклюзияны колдоо боюнча эл
аралык спорттук демилге жыл сайын Нью-Йоркто, Лондондо, Берлинде жана дүйнөнүн
башка ири шаарларында өткөрүлөт. Мында профессионал спортчулар, өнүгүүсүндө
мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, өспүрүмдөр жана башка активдүү жарандар 1
чакырымдан 10 чакырымга чейинки аралыкка чогуу чуркашат.
Самал
Албилекова, Bolashak Charity коомдук фондунун инклюзивдүү жана социалдык
долбоорлор боюнча жетекчиси:
– Бул биздин
өлкөдө гана эмес, КМШ өлкөлөрүндөгү эң ири инклюзивдүү чуркоо деп айта алабыз.
Жада калса чет элдик жарандар да атайын муктаждыктары бар адамдарды колдоо үчүн
бул жерге келишет. Азыр балдар мектепти аяктап жатышат, биз алардын кесиптик
билимин жогорулатууга багыт алдык. Андыктан быйылкы Run for Autism өспүрүмдөргө
жана чоңдорго атайын кесиптик билим берүүгө багытталган. Быйыл биз эң көп
катышууну күтүп жатабыз, 5 миңдей күлүк келип катышат деген үмүттөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

