Казакстандык стартаперлердин чечимдери Silkway Accelerator эл аралык программасынын алтынчы агымынын финалына өттү

Казакстандык стартаперлердин чечимдери Silkway Accelerator эл аралык программасынын алтынчы агымынын финалына өттү

Чакан жана орто бизнести автоматташтыруу үчүн интернет-платформа, медицина жана спорт үчүн сенсордук AI тамандары, AI симуляциялары аркылуу англис тилин үйрөнүү үчүн тиркеме. Казакстандык стартаперлердин бул иштеп жаткан чечимдери Astana Hub жана Google for Startups биргелешкен демилгеси болгон Silkway Accelerator эл аралык программасынын алтынчы агымынын финалына өттү. Жалпысынан 200 арыздын ичинен эң мыкты 15и тандалып алынды. Серепчилик комиссиянын пикири боюнча, бул өнүмдөрдүн жетилгендик да, масштабдоо дарамети да жогору.


Анель Шегенова, ASTANA HUB бизнес-программа кеңсесинин менеджери:


- Быйылкы акыркы тизмеге Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Азербайжан жана Монголиядан келген технологиялык стартаптар кирди. Бардык долбоорлор PMF же Scale баскычында жана жасалма интеллект, финтех, билим берүү, логистика, электрондук коммерция, медицина жана бизнести башкаруу тармактарында иштеп жаткан чечимдерди сунуштайт. "Silkway Accelerator" ишке ашырылгандан бери үч жылдын ичинде 1500гө жакын арыз түшкөн, Борбордук Евразиядан 77 стартап тандалып алынган, алардын 62си программаны аяктаган. Алар жалпысынан 28 миллион доллардан ашык инвестиция тартышкан, ал эми алардын жалпы баасы 500 миллион доллардан ашкан.


Азыр финалисттер Астанада үч айлык оффлайн-акселерациядан өтүп жатышат. Бул жерде аларга эл аралык серепчилерден ментордук колдоо көрсөтүлүп, ошондой эле өнүмдүк жана бизнес-метрикаларды өнүктүрүүгө жардам берилет. Бардык командалар Astana Hub Ventures фондунан инвестиция алууга мүмкүнчүлүк алышат. Ал эми тогуздун айына белгиленген Digital Bridge 2025 эл аралык форумунда стартаптар өздөрүнүн жетишкендиктерин дүйнөлүк инвесторлорго сунушташат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков