Заманбап жаңы турпаттагы армия түзүү, коргонуу тармагын квалификациялуу жана билимдүү адистер менен камсыз кылуу. Ушул жана башка маселелер борбор калаада өткөн аскердик тармактын кызматкерлеринин жолугушуусунда талкууланды.
Казакстан Республикасынын Коргоо министри Нурлан Ермекбаев жолугушуу Ата Мекенди коргоочулар жана Улуу Жеңиш күнүнүн алдында белгилөөнүн символикалык мааниси бар экенин, бул ардагерлер менен бүгүнкү күндүн жоокерлеринин ортосундагы аскердик салттардын ырааттуулугун бекемдей тургандыгын билдирди. Жолугушууга жогорку аскердик окуу жайлардын курсанттары, өлкөнүн аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлери жана «Жас сарбаз» балдар менен өспүрүмдөр аскердик-патриоттук кыймылынын катышуучулары видео байланыш аркылуу катышты.
Нурлан Ермекбаев, Казакстандын Коргоо министри:
- Куралдуу күчтөр тездик менен өнүгүүдө. Заманбап талаптарга жооп берет. Биз Эл аралык окуу-машыгуулар жана мелдештерде аскер кызматкерлеринин объективдүү калыстыгын, кесипкөй чеберчилигин көрсөтө турган деңгээлге жеттик. Жалпы жонунан айтканда, бүгүнкү күндө Казакстандын армиясы - мамлекеттин чеби. Ал эми аскердик кызмат өтөө армияда, Улуттук гвардияда же чек ара кызматындагы милдет гана эмес, аны менен катар, чоң сыймык жана сый-урмат болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков