Казакстандын
борборунда теннис боюнча мелдеш аяктады. Astana Open ATP 250 мелдешинин
жеңүүчүсү Адриан Маннарино болду. Француз оюнчусу финалда дүйнөнүн 28-ракеткасы
америкалык Себастьян Корданы утуп алды. Жыйынтыктоочу беттеш эки сааттан ашык убакытка
созулду. Дүйнөнүн 34-ракеткасы Адриан Маннарино АКШдан келген атаандашын 4:6, 6:3 жана 6:2
эсебинде жеңди. Эми ал дүйнөлүк рейтингде дароо 28-орунга көтөрүлөт. Жуптук
беттеш боюнча америкалык дуэт чемпиондук наамга ээ болду. Натаниэль Леммонс
менен Джексон Уитроу хорватиялык Мате Павич менен австралиялык Джон Пирсти утуп
алышты. Белгилей кетсек, Казакстандын борборунда өткөн мелдеш өлкөнүн гана
эмес, бүткүл дүйнөнүн көңүлүн бурган. Улуттук теннис борборунда өткөн 8 күн
аралыгындагы беттештерге 16 миңден ашуун көрүүчү катышып, 80ден ашуун өлкөдө
чагылдырылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков