Астаналык онкологиялык хирургдар операциядан кийин көкүрөктү калыбына келтирүүнүн инновациялык
ыкмасын ойлоп тапты. Бул аркылуу бейтаптын сырткы келбетин сактап калууга жана калыбына
келтирүү жараянын тездетүүгө
мүмкүндүк берет. Жаңычылдык
атамекендик окумуштуулар ойлоп тапкан импланттын жардамы менен ишке ашырылууда.
Учурда клиникалык сыноо этабы жүрүп жатат. Жыл башынан бери онкологиялык
борбордо мындай 30 операция жасалган. Эч кандай
өтүшүп кетүүнүн белгилери жок.
Надежда,кардар:
- Мага операция жасалды.
Натыйжа мен күткөндөн да жакшы болду. Мен абдан ыраазымын, көзүмө жаш алдым. Эми белгилүү бир убакытка чейин
дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, кеп-кеңештерин алып турам. Тиешелүү текшерүүдөн өтүп жатам.
Көкүрөктөгү залалдуу шишикти алгандан
кийин дароо калыбына келтирүү башталат. Силикон
имплантынын жардамы менен сүт бези жасалат.
Мунун аркасында көкүрөктүн формасы
пайда болот. Адистердин айтымында, натыйжада аялдардын ден-соолугу дагы, психологиялык абалы дагы
жакшырат.
Бауыржан Анапия, Улуттук илимий онкологиялык борбордун ага ординатору:
- Сүт безин кайра калыбына келтирүүдөн тышкары, эң актуалдуу маселелердин бири лимфедеманы
өнүктүрүү болуп саналат. Лимфа түйүндөрүнүн көп сандагы өлчөмүн алып салуу аркылуу операция учурунда колдор шишип
кетет. Биз
профилактикалык лимфовенулярдык анастомоздорду колдонобуз. Бул экинчи
лимфодеманын өнүгүү кооптуулугун, иш жүзүндө нөлгө чейин азайтат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

