Вакцина алгандарга аныктама кагазы берилет

Вакцина алгандарга аныктама кагазы берилет

Кулжа айынын 1нен тарта Казакстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн жарандарга вакцина алгандыгы тууралуу кагаз түрүндөгү аныктамалар бериле баштайт.Бул тууралуу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Ерлан Кыясовдун жаңы буйругунда айтылат.

Муну менен катар, медициналык уюмдар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын үйлөрүнө барып, коронавируска каршы эмдөөлөрдү башташы керек. Ал эми чет өлкөлөрдө вакцина алган казакстандыктар тууралуу маалыматтар теке айынын 1нен баштап өлкөнүн маалымат базасына киргизилет. Мындан тышкары, документте Нур-Султан, Алматы жана Шымкент шаарларынын саламаттык сактоо башкармаларынын жооптуу кызматкерлери коронавируска каршы вакциналардын кыймылы жөнүндө маалыматтарды вакцинация модулуна күн сайын киргизип турушу керек, деп жазылган буйрукта.

Которгон: Илгиз Жамалбеков